2026-жылдын 9-апрелинде саат 09:00дөн 20:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы:
Чүй проспекти – Фрунзе көчөсү – Манас проспектиси Жибек-Жолу проспектиси аркылуу Ала-Арча суусуна чейин – Турусбеков көчөсү – Баялинов көчөсү – Абдрахманов көчөсү.
«Белинский» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу берүү токтотулат.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана ишканаларды жана тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Эскерте кетсек, «Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландык жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу эскертмелерди алууга болот.



