Бүгүн, 28-июлда саат 15.07 чамасында «Сары-Камыш айылына жакын көл жээгинде матрац баллон менен сууда жаткан эки адамды катуу толкун алыска тартып кетти.
«Балыкчы шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу жеринде куткаруу иштерин аткарышып, толкун тартып кеткен тургундарды аман-эсен жээкке чыгарышты»,- дешти ӨКМден.
Куткаруучулар эс алуучуларды көлгө түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырышты.