7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
12°C

Кыргызстандагы ипотекага берилчү турак жайларды курууга 100 млн доллар жумшалат

353

Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргызстанда турак жайды каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 29-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргызстанда турак жайды каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо аркылуу мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Кредиттик макулдашууда Кыргызстандын “Менин үйүм 2021–2026” турак жай программасынын катышуучулары болуп саналган КР жарандары үчүн Кыргызстанда турак жай куруу үчүн 100 млн АКШ доллар өлчөмүндөгү финансылык каражаттарды тартуу каралган. Сауд өнүктүрүү фондунун каржылоосун алуучу катары Кыргызстандын атынан КР Финансы министрлиги чыгат, аткаруучу агенттик катары КР Экономика жана коммерция министрлиги чыгат, ал эми “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому (мындан ары – “МИК” ААК) долбоорду ишке ашыруучу агенттик катары болот.

“МИК” ААК тартылган финансылык каражаттардын оператору болуп саналат, жер участоктору менен камсыз кылат жана Кыргызстандын “Менин үйүм 2021–2026” турак жай программасынын алкагында Кыргызстандын жарандарына кийин сатып алуу менен ижарага берүү үчүн жеткиликтүү турак жайдын курулушун каржылайт.

Ошол эле учурда ижаралык турак жай алуучулар ай сайын ижараны төлөө жана турак жайды сатып алуу боюнча төлөөлөрдү жүргүзөт. Зайымчылардан алынган каражаттарды “МИК” ААК Сауд өнүктүрүү фондунун кредитин төлөөгө жумшайт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

354