7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
21°C

Жээнбековдун жубайы мүлктү ижарага берүүдөгү аукциондо 500 миң АКШ долларын алгандыгы аныкталды

712

Жеке адамдарга мыйзамсыз ижарага берилген кымбат баалуу жер тилкелер мамлекетке кайтарылганын УКМКдан билдиришти.

Мурда маалымдалгандай, улуттук коопсуздук органдары мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдарына жана жеке адамдарга карата ири өлчөмдөгү акча каражатын алуу үчүн Бишкек шаарындагы кымбат баада бааланган жана кирешелүү жер тилкелерин ижарага берүүгө шарт түзүп бергендер боюнча кылмыш иштер тергелип жатат.

Бул факт боюнча УКМК тарабынан кылмыш иш козголуп, анын алкагында иш боюнча соттолуучулардын иштеген жана жашаган жерлеринде тинтүүлөрдү камтыган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Тергөө иштеринде Равшан Жээнбековдун жубайы С.Алимбаева, жеке бизнестин өкүлдөрүнүн ишенимине кирип, анын мамлекеттик органдарда байланышы бар экендигине ишендирип, кыймылсыз мүлктү ижарага берүү боюнча аукциондо жеңишти ыйгаруу үчүн 500 миң АКШ доллар алгандыгы аныкталды. С.Алимбаева КРнын Финансы министрлигине караштуу «Инфосистема» мамлекеттик ишканасында болгон байланыштар аркылуу каршы келген катышуучулардын аракеттерине бөгөт коюу функциясын мыйзамсыз пайдалануу менен Бишкек шаарындагы 2 кымбат баалуу жер тилкесин ижарага берүү боюнча тооруктарда «Электрондук соода платформасы» автоматташтырылган тутумунда көрсөтүлгөн жеке бизнес өкүлдөрүнүн жеңишин камсыз кылган.

Бул факты боюнча С.Алимбаева менен бирге жооптуу кызматкерлер Финансы министрлигине караштуу «Инфосистема» мамлекеттик ишканасы жана бул кылмышка тиешеси бар айрым жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Тергөөнүн жүрүшүндө көрүлгөн чаралар менен экспертизанын корутундусуна ылайык баасы 1 464 383 000 сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылып, келтирилген зыяндын орду толугу менен толтурулду.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери акыркы стадиясында, УКМК бул кылмыш иши боюнча тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

713