7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көлбаевдин 15 жылкысы аукционго коюлуп, түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке кайтарылат

528

УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Камчы Көлбаев тарабынан акча каражатына сатып алынган 15 асыл тукум жылкылар аныкталды, кылмыш ишинин натыйжасында, анын жалпы суммасы ведомстволор аралык баалоо комиссиясынын корутундусу боюнча 79 790 000 сомду түзгөн.

1. «Беш кашка» англис таза кандуу айгыры, баасы 44 000 000 сом.
2. «Командор» англис таза кадуу айгыры, баасы 26 400 000 сом.
3. «Раушан» англис таза кандуу айгыры, баасы 2 200 000 сом.
4. «Дончак» донск-англис айгыры, баасы 300 000 сом.
5. «Кундуз» англис бээси, баасы 900 000 сом.
6. «Хан сулуу» англис бээси, баасы 900 000 сом.
7. «Острый» аталышындагы чабылган аты, баасы 140 000 сом.
8. «Рошал» аттуу англис бээси, баасы 150 000 сом.
9. «Ай-Чолпон» аталышындагы таза кандуу бээ, баасы 440 000 сом.
10. «Ак Бермет» аттуу таза кандуу бээси, баасы 356 000 сом.
11. «Көк-Серек» аталышындагы бээ, баасы 100 000 сом.
12. «Көк-Жал» жарым тукум айгыры, баасы 60 000 сом.
13. «Бактөр» породасындагы минген аргымагы, баасы 704 000 сом.
14. «Бай Тору» аталышындагы бээ, баасы 440 000 сом.
15. «Эркиндик» англис айгыры, баасы 2 700 000 сом.
Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун аталган мүлктөрү кийин аукциондо сатуудан түшкөн каражаттар мамлекеттик бюджетке кайтарылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

529