Кыргызстандын жиу-житсу боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Руслан Сагдеев Эр-Рияд шаарында (Сауд Аравия) өтүп жаткан Бүткүл Дүйнөлүк оюндарда күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчу 94 кг чейинки салмакта катышкан.
«Финалдык беттеште Бириккен Араб Эмиратынын балбаны кез келип, жыйынтыгында жеңилүү ызасын тартып калган» — деп айтылат маалыматта.