7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү экенин айткан мурдагы мэр алдамчылыкка шектелүүдө

593

Чолпон-Атанын мурдагы мэри Мирлан Маратов алдамчылыкка шектелип кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү экенин айтып, кылмыштуу жолдон баш тарткан. 45 жаштагы Мирлан Маратов 2021-жылы күзүндө Бишкек шаарынын жашоочусунан 10 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алдоо жолу менен ээлеп алган. Шектүү жабырлануучуга алгач күрөө катары “Лексус” үлгүсүндөгү унаасын, каттоо күбөлүгүн жана ишеним катын калтырган. Бирок көп өтпөй кайра келип, “шашылыш ишим бар”,- деген шылтоо менен унааны бир аз убакытка кайтарып берүүнү суранган. Ошондон кийин гана ал көздөгөн максатына жеткенден кийин кайра келбей, ал унаасын башка адамдарга сатып жиберген.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аталган жаран мурда сот жообуна тартылган, криминалдык авторитет менен тыгыз байланышта болгон жана мурда облустардын бириндеги шаардык администрациясын жетектеп келген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

594