Мурдагы аялынын кулак-мурдун кескен эркекке пробациялык мөөнөт берген судья иштен алынат. Ал Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токмаматов экени белгилүү болду.
Сотторду тандоо кеңеши Жогорку соттун төрагасынын сунушун канааттандырды. Тиешелүү чечим президентке жөнөтүлгөн.
Белгилей кетсек, мурдагы аялын зордуктап, кордук көрсөткөн кишиге аталган судья пробациялык мөөнөткө жаза берүү менен чектелген. Андан соң ал кайра кылмышка барып 36 жаштагы Аселдин кулак-мурдун кескилеген.
Жакында эле Чүй облустук соту зордуктоо иши боюнча зөөкүрдү 8 жылга эркинен ажыратты.