7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көлбаевдин мүлкү $1 млрд түзөт. УКМК кайтаруу ишин баштады

803

УКМК Камчы Асанбекти (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобун зыянсыздандыруунун алдын ала жыйынтыгы тууралуу маалымат таратты.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө К.Асанбек жана анын жан-жөкөрлөрү тарабынан опузалап жана рейдерлик жол менен басып алуусунун натыйжасында алынган мүлктөрдү жана активдерди мыйзамдаштырууга катышкан жана башка оор, өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бар бул кылмыштуу топтун 40дан ашык активдүү мүчөлөрү жана лидерлери кармалды.

«Мындан ары УКМК мындай кылмыштуу көрүнүштөрдү жок кылып, бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, ар бир ушундай фактынын артынан улуттук коопсуздук органдары тарабынан катуу чаралар каралат. Мыйзамсыз жол менен алынган бардык мүлкүнүн алдын ала жалпы баасы 1 млрд АКШ долларын түзөт, алар камакка алынды. Бул Асанбектин жана анын айланасындагылардын мыйзамсыз мүлктөрүн издөө иштеринин алгачкы жыйынтыктары гана, издөө иштери ал өлкө ичинде да, чет өлкөлөрдө да, тактап айтканда, анын бизнес кызыкчылыктары болгон Россияда, Казакстанда, Грузияда, Түркияда, БАЭде (Дубай) жана Японияда да улантылат. УКМК өлкөдө уюшкан кылмыштуулукка жана анын көрүнүштөрүнө каршы элдешкис күрөш ал толугу менен жок кылынмайынча улантылып, анын жыйынтыгы коомчулукка үзгүлтүксүз жеткирилип турарын белгилейт. Жаңы кылмыштуу топтор пайда боло турган болсо улуттук коопсуздук органдары аракеттеги мыйзамдардын чегинде алардын жетекчилерин жок кылууга чейинки катаал чараларды көрөт»,- деп берилет маалыматта.

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

804