7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көлбаевдин тобу тартып алган «Каракол» паркы мамлекетке өттү

659

Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобу тарабынан мыйзамсыз түрдө алынган «Каракол» мамлекеттик жаратылыш паркы мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«Каракол лыжа базасынын жанындагы престиждүү аймакта жайгашкан базар баасы болжол менен 10 миллион сомго барабар болгон 2 гектар жер тилкеси табылып, Каракол мамлекеттик жаратылыш паркынын балансына кайтарылды. Аталган жер участогуна лыжа туристтик базасын куруу пландаштырышкан, бул уюшкан кылмыштуу топко олуттуу суммадагы каражат алып келмек»,- деп берилет маалыматта.

УКМК Көлбаевдин жана анын кылмыштуу тобунун мүлкүн издөө, мамлекетке кайтаруу боюнча иштер уланып жатканын кошумчалады.

 

660