32 жаштагы Чикаголук сүрөтчү Уинслоу Дюмейн соц.тармактарга “келемиш чуңкурунун” сүрөтүн жарыялаган.
Сүрөттө келемиштин элеси түшүрүлгөн жана ага суу толуп калган. Эң кызыгы, билдирүү 5 миллион көрүүгө, дээрлик 9 миң репостко жана 136 миңден ашык лайкка ээ болгон.
«Жерден келемиштин үйүн көргөндө мени бирөө ургандай болуп туруп калып, дароо каткырдым» деген жазуу калтырган Дюмейн.
Бул көлчүктүн сүрөтү ал үчүн жарнамалык курал болуп, башка нерселерди да сатууга жардам берген.