7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көлдөгү кыз менен жигиттин өлүмү. Шектүү 16 жашта болгон

824

Чолпон-Атада эки адамдын өлүмүнө алып келген катердин айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) боюнча козголгон кылмыш иши козголду. Катердин айдоочусу Кара-Ой айылынын 16 жаштагы тургуну болгон. Ал баш коргоо чарасы тандалганга чейин камакка алынды.

Эске салсак, 23-июлда Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуу жайларынын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн катердин айдоочусу көлдүн үстүндө баллон сүйрөтүп бара жатып, теплоходго урунган. Натыйжада, баллондо отурган үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарындагы райондук ооруканага жеткирилген. Жабыркаган үч адамдын экөөсү алган оор жаракаттардан улам оорукананын жандандыруу бөлүмүндө ошол эле күнү көз жумуп, үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

825