Күлкү арыктоого жардам берет. Аны арыктоодо бонус катары колдонсо болот. Бул тууралуу secretmag.ru басылмасы жазып чыкты.
Адистердин кеңешинин маалыматына ылайык, күлкү арыктоого жардам берет, эгерде ал чын жүрөктөн аябай катуу болсо. Машыгуудан кийин ичиңиз ооруп, дем алуу кыйындашын байкайсызбы? Дал ошондой сезүү каттуу күлгөн учурда байкалса, сиздин калорияларыңыздын акырындык менен азайып жаткандыгынын белгиси. Көрсө, ашыкча килограммдан арылуу үчүн спорт залда гана эмес, диванда эле отуруп арыктаганга мүмкүнчүлүк бар экен. Күлгөндө жүрөктүн иштеши тездейт, канга кычкылтек көбүрөөк кирет – мында кардио көнүгүүлөрдүн таасири бар. Ал эми 10-15 мүнөт күлсөңүз, 40 калорияны түшүрө аласыз. Дарыгерлер күлкүнү толук кандуу машыгуу деп эсептешпейт. Анткени дененин бардык булчуңдары катышпайт. Бирок, арыктоо үчүн жагымдуу бонус катары кошсо болот.
Кошумчалай кетсек, күлкү сөзсүз түрдө сиздин маанайыңызды көтөрөт жана ден-соолугуңузга дагы пайдалуу.