7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
-7°C

Элдик курултайга карата Бишкектин айрым көчөлөрү 4 күнгө жабылат

197

Биринчи Элдик курултайды өткөрүүгө байланыштуу Бишкектин негизги көчөлөрү 24-ноябрдан 27-ноябрга чейин жабык болот. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган күндөрү курултайга аймактардан келген катышуучуларды ташуу учурунда гана жолдор жабылат.

Чектөө киргизиле турган көчөлөрдүн тизмеси:

  • Жибек Жолу кең көчөсү Фучик көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин;
  • Абдрахманов көчөсү Жибек Жолу кең көчөсүнөн Түштүк магистралга чейин;
  • Манас /Чыңгыз Айтматов кең көчөсү Жибек Жолу кең көчөсүнөн Түштүк магистралга чейин.

Белгилей кетсек, «Элдик Курултай чакыруу жөнүндө» президенттин жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-26-ноябрь күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Биринчи Элдик курултай өтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

198