7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
12°C

Көмүр мафиясына айланган 9 ишканадан коррупциялык схема аныкталды

389

Мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкерлери тарабынан ишкердиктин субъекттерине ар кандай түрдөгү көмүрдү сатууда жана экспорттоодо көмөк көрсөтүү боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

11-сентябрда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында сапаты жана баасы арзандатылган көмүрдү коңшу өлкөлөргө экспорттоого тиешеси бар адамдарды тинтүү жана кармоо иштери жүргүзүлдү.

Мамлекеттик жана жеке түзүмдөрдүн кызмат адамдарынын аракеттеринде ишкердиктин субъекттерине жүк ташуу документтеринде базар баасынан 3-5 эсе төмөн бааны көрсөтүү менен түрдүү сорттогу (БК, БР, БСШ и БШ) көмүрдү сатууда жана экспорттоодо көмөк көрсөтүү боюнча коррупциялык схемалар аныкталды. Анын натыйжасында өзгөчө ири өлчөмдөгү салык жана бажы төлөмдөрү өлкө бюджетинин киреше бөлүгүнө системалуу түрдө түшпөй турган.

Ыкчам-издөө иш-чаралар төмөнкү активдүү ишкердиктин субъекттеринде жүргүзүлдү:

— “Ак-Булак Көмүр” ЖЧКсы – Сүлүктү шаарынын экс-мэри, жергиликтүү кеңештин депутаты 1963-жылы туулган “Х.А.Д.”;

— “Кен-Ордо” ЖЧКсы — 1974-жылы туулган “Н.А.Б.”;

— “Нур” ЖЧКсы – Сүлүктү шаарынын экс-мэри, жергиликтүү кеңештин депутаты 1960-ж.т. “А.Р.Э.”;

— “Рио Групп” ЖЧКсы — 1964-жылы туулган “А.И.Р.”;

— “Нуркен” ЖЧКсы – 1979-жылы туулган “Ш.З.А.”;

— “Ахмад-Кен” ЖЧКсы – Сүлүктү шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаты, 1971-жылы туулган “А.Б.А.”;

— “Ормон” ЖЧКсы – 1982-жылы туулган “К.А.Т.”;

— “Кен-Сити” ЖЧКсы – 1989-жылы туулган “А.А.Х.”;

— “Сары Челек Сүлүктү” ЖЧКсы – 1975-жылы туулган “К.М.”;

— Мамлекеттик салык кызматынын Сүлүктү шаары боюнча башкармалыгы, ишкердиктин субъекттеринин чарбалык ишмердигин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык органынын чечимдери жана башка тиешелүү документтер алынган.

Жыйынтыгында журналдар, келишимдер, квитанциялар, видеокөзөмөл камераларынын дисктери алынынып, алар учурда кошумча изилденип, талдоо иштери жүрүп жатат.

Ошол эле учурда “Кызыл-Кыя – автожол”, “Кызыл-Кыя – темир жол” көзөмөл-өткөрүү постторунда, бажы терминалында, Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош филиалдарында, 3 алмашуу бюросунда, “Спорттук общак” деп аталгандын мүчөлөрүнүн жашаган жеринде жана 6 коммерциялык уюмда кармоо жана тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетчү нерсе, экспорттук декларацияны даярдоо үчүн ишкердиктин субъекттери “МБанк” мобилдик тиркемеси аркылуу ортомчуларга 300 АКШ долларын төлөп, андан кийин “Спорттук общактын” мүчөлөрүнө 1 миңден 2 миң сомго чейин берип КРнын чегинен тышкары тоскоолдуксуз чыгып жүрүшкөнү аныкталды.

Ошону менен бирге Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын расмий маалыматы боюнча, 2023-жылдын 1-январынан 27-июлуна чейинки аралыкта Баткен облусундагы көмүр шахталарынан коңшу мамлекеттерге 318 миң тоннадан ашык ар кандай сорттогу көмүр экспорттолгон, ага байланыштуу, активдүү экспорттонун негизинде Кыргызстанда көмүрдүн баасы жогорулаган.

Жыйынтыгында, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында төмөндөгүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди:

— Баткен бажысынын “Кызыл-Кыя-Авто жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун текшерүү тобунун инспектору, 1977-жылы туулган К.И.К.;

— “Баткен” бажысынын “Кызыл-Кыя” темир жолунун материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн инспектору, 1990-жылы туулган С.у.К.;

— КР Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн башчысы, 1981-жылы туулган Б.Э.Ю.;

— “Имамидинов Экспорт” ЖЧКсынын жетекчиси, 1975-жылы туулган Т.К.И.;

— “А.Б.Б.” жеке ишкердин негиздөөчүсү, 1986- жылы туулган А.Б.Б.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

390