2024-жылы Кыргызстандын эгемендик күнүн Баткенде белгилөө сунушталды. Аталган сунушту парламенттин бүгүнкү жыйынында Легендарлуу Парламенттин мурдагы төрагасы Медетбек Шеримкулов айтты.
«Эки жылдан бери өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн былтыр Чүйдө, быйыл Ошто абдан жакшы өткөрдүк. Бул абдан жакшы салт. Ошондой эле, бул региондор үчүн дагы чоң стимул экен. Менин сунушум, эмки жылкы Кыргыз Республикаснын эгемсендүүлүк күнүн Баткен облусунда өткөрсөк» — деди Шеримкулов.
Ошондой эле ал экинчи сунушу менен бөлүштү. Анда, Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык маарекесин белгилеп, анын эмгегин даңазалоо керектигин айтты.
Парламентте бүгүн мамлекеттик жана коомдук ишмер, академик, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жана Мыйзам чыгаруу жыйындарынын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгына карата маарекелик иш-чара өттү. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле Абдыганы Эркебаевдин замандаштары катышты.