Көмүрдүн баасы орточо эсеп менен алганда 14,7 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика камитети билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын октябрына салыштырмалу орточо эсеп менен алганда 14,7 пайызга жогорулап, бир тонна 5 942,9 сомду түздү.
Эң жогорку баалар:
- Ноокат (бир тонна үчүн – 10 000,0 сом),
- Баткен (бир тонна үчүн – 9 344,7 сом)
- Исфана (бир тонна үчүн – 8 746,4 сом) шаарларында катталды.
Минималдуу чекене баалар:
Чаек айылында (бир тонна үчүн — 3 000 сом),
Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 049,7 сом),
Нарын жана Кара-Балта шаарларында (бир тонна үчүн – 4 500 сом) болгону байкалды.
Үстүбүздөгү жылдын октябрь айына салыштырмалуу:
Кербен — тоннасы 1 138,0 сомго же 19,0 пайызга,
Бишкек – тоннасы 1 039,1 сомго же 22,8 пайызга,
Талас – тоннасы 989,2 сомго же 17,4 пайызга
Жалал-Абад – тоннасы 946,3 сомго же 16,2 пайызга бир кыйла өсүшү байкалды.