Элибизде байыртан өнөрлүү өлбөйт деген кеп бар эмеспи. Биздин «Чет жердеги мекендеш» рубрикабыздын кезектеги коногу жаш айкелчи Мирлан Султанбек уулу болду. Каарманыбыз учурда Орусиянын Сочи шаарында өз кесиби менен эмгектенип келет. Жаш болгонуна карабай өз тармагында бир топ ийгиликтүү айкелдерди жасап, чет жактарга көргөзмөлөрдү уюштуруп жүргөн мекендешибиз бизге өзү жана кесиби жөнүндө айтып берди.
Алгач өзүм жөнүндө айтсам Султанбек уулу Мирлан. 1996-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Жаны-Базар деген айылда жарыкка келип, ошол жерде чоңойдум. Бала кезден сүрөтчүлүккө кызыгып, ылайдан ар кандай нерселерди окшоштуруп жасай берчү элем. Кийин мектепте окуп калган учурда мага көп сабактар кызык эмес болчу. Анда деле сүрөт тартып, ар кандай нерселерди жасап конкурстарга көп катышчумун. Бир жолу эсимде сабактан качып барып, ылайдан ат, кишилерди жасап отуруп алгам. Ошол учурда апам көрүп, сүрөтчүлүк мектебине окутууну чечишти. Андан көп өтпөй эле 2009-жылы Ноокаттагы Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт мектеп-интернатына алып келип, киргизип койду. Ошондо гана өз чөйрөмдү, кызыккан нерсемди тапкандай болуп аябай сүйүнгөм. Адам өзү сүйгөн кесибинде иштеп же жасаган ишин сүйсө ал иштен башкача рахат алат эмеспи. Менде интернатка келип окуп баштагандан кийин ошондой сезим болду. Ошентип ал жерди ийгиликтүү аяктадым. Менин келечегимдин пайдубалы ошол мектепте түптөлдү. Сүрөтчүлүккө, айкелчиликке чыйыр жолумду дал ушул жердеги эже-агайларым салып берди.
2014-жылы Бишкекке келип, Тургунбай Садыков атындагы улуттук көркөм сүрөт академиясына тапшырдым. Бул жерде мен кичинекей көлдөн келип чоң деңизге кошулгандай болдум. Мүмкүнчүлүктөр айылга салыштырмалуу абдан эле чоң эле. Академияда окуп жүрүп 2-курстту аяктаганда алгачкы сапарым Кытайга болду. Ал жакка барып музейге скульптураларды жасап келгенбиз. Ал күндөр менин өмүрүмдөгү эң бактылуу күндөрдүн башталышы болду. Өзүмдүн кесибим менен абдан сыймыктангам. 2019-жылы жогорку окуу жайды бүттүм. Андан соң Кыргызстанда, Казакстанда, Түндүк Кипрда жеке чыгармачылык көргөзмөлөрүбүздү уюштуруп келдик.
Сочиге кесиптештеримдин чакыруусу менен келип калдым. Бул жакта абдан таланттуу, мыкты скульпторлор көп. Негизи адам дагы да өсөм, бийиктейм десе ар кайсы мамлекеттерге барып иштеп, жашап көрүшү керек деп ойлойм. Айрыкча чыгармачыл адам үчүн бул абдан керектүү нерсе. Адам канчалык көп нерсе окуп, үйрөнүп, өз тармагынын мыктылары менен чыгармачылык байланышта болсо фантазиясы өсүп, билими дагы тереңдейт экен. Мисалы, ошол эле Кытайда, Казакстанда, Кипрда, Сочиде бири бирине салыштырып болбогудай өзгөчөлүктөрү бар. Ар биринен ар башка нерсе үйрөнсө болот. Келечекте эң чоң максаттарымдын бири Москвадагы мамлекеттик сүрөт академиясынан билим алып, Сүймөнкул Чокморовдун айкелин өзгөчө жасагым келет.
Буга чейин жасаган эмгектеримдин дээрлик бардыгын жакшы көрөм. Бирок димломдук ишим менен «Кипрдик бала трубада ойнойт» деген эмгегимди бир аз сыймыктануу менен айта алам. Негизи абдан кызыктуу жумуш. Жасаган ишиңдин жыйынтыгы көзгө чоң болуп көрүнүп калганда чарчаган учурлар көз ирмемде унутулуп кетет. Тапкан каражатыбыз дагы кудайга шүгүр жакшы. Бир эмес 2-3 үй-бүлөнү бакса да болот. Бирок чыгармачыл адам күнүмдүк оокат менен эле алектенип калбаса дейт элем. Себеби күнүмдүк оокат менен жүрө берсең фантазияң чектелип, белгилүү бир чектен аша албай калышың мүмкүн. Ошол себептүү көбүрөөк чыгармачылыгы үчүн иштесе, күнүмдүк оокат үчүн каражат кийин өзү келет.
Үй-бүлөбүздө мага чейин сүрөтчүлөр болгон эмес. Атам искусствого жакын адам, агам сүрөттү жакшы тартчу кийин эле тартпай калды. Баланын кичинекей ийгилиги ата-энеге тоодой болуп сезилет окшойт. Мага ачык айтышпаганы менен дайыма сөздөрүнөн сыймыктанууну сезем, көздөрүнөн көрөм. Ал нерсе мага эч жерден ала албагандай шыктануу берет, жоопкерчилик артат.