Эртең, 7-сентябрда өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Бул туралуу Кыргызгидромет борбору кабарлайт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;
- Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 29…34;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 15…20, күндүз 32…37;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;
- Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 26…31;
- Бийик тоолордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14 градуска чейин жетет.
- Бишкекте түнкүсүн 17…19, күндүз 34…36 градус болот.