Кыргыз төкмө акыны, обончу, комузчу, аткаруучу, куудул, дастанчы Токтогул Сатылгановду кимдер гана таныбайт. Ал бала кезинен эле элдик ырларды жаттап сөздү жамактатып сүйлөй билген. Бул касиет энеси Бурмадан өткөн.
13 жашынан эл аралап ырдай баштаган жаш акындын лирикалык жанрдагы «Алымкан», «Насылкан», «Кызыл жоолук» аттуу ырлары бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн баасын жоготпой ырдалып келет.
Анын ырларын кимдер гана укпаган…
«Гүлдөп ал»
Кара күрмө шай кийип,
Бойлогула, кыздар ай.
Кадыр, көңүл бар чакта
Ойногула, кыздар ай.
Кайрылып келбейт өмүрүң,
Ойлогула, кыздар ай.
Ойной албай, күлө албай,
Ойногонду биле албай,
Кайран жашты картайтып,
Койбогула, кыздар ай!
Кызыл күрме шай кийип,
Бойлогула, кыздар ай.
Кызуу көңүл бар чакта
Ойногула, кыздар ай.
Кылчайып келбейт өмүрүң,
Ойлогула, кыздар ай.
Ойной албай, күлө албай,
Кызык күнүң өткөрүп,
Койбогула, кыздар ай!
Кайран өмүр барында,
Балалыктын чагында,
Гүлкайырдай гүлдөп ал,
Күлгүн жашың барында.
Карылык кууп жеткен соң,
Кайран өмүр өткөн соң,
Кара чым басып денеңди,
Каларсың жердин алдында.