Күнүмдүк жашообузда кээ бир терс адаттар ден соолугубузга олуттуу коркунуч алып келээрин өзүбүз байкабай калабыз.
Сиз канча жолу бутуңузду кайчылаштырып отуруп же сагыз чайнап жатканыңызды ойлонуп көрдүңүз беле? Албетте маани бербейсиз, бул зыянсыз көрүнгөнү менен көп эле терс таасирин берет. Дагы кандай адаттар коркунуч алып келет?
Бутту кайчылаштырып отуруу. Ооба, айрымдарыбыз бутубузду кайчылаштырып отурганды жакшы көрөбүз, бирок ал ден-соолукка өтө зыян. Анткени бир буттун үстүнө экинчисин кое бергенде кан айлануу начарлайт да, тизе ооруп көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.
Телефонго башыңды ийип алып колдонбо. Бул адат экинчи ээгинин пайда болушуна(второй подбородок) алып келет, көбүнчө кыздар үчүн жагымсыз нерсе, андан тышкары баштагы кан айлануу начарлайт жана бүкүрөйгөн абалга алып келет.
Салмагыңызды бир бутка койбоңуз. Биз бул катаны көп учурда кетиребиз. Ушул адаттан ассиметрия пайда болот, ички органдардын кан айлануусу начарлайт.
Сагызды көп чайнабаңыз. Тиштен бардык пломбаларды алуу коркунучунан тышкары, сагыздын эмне зыяны бар деп ойлосоңуз керек?
Бул адат чайноочу булчуңдарды спазмага алып келиши мүмкүн.