Эртең, 13-сентябрда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;
- Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;
- Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26;
- Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13 градуска чейин жогорулайт.
- Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 22…24° жылуу болот.