7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 60 адам эвакуацияланды

766

Бишкектин А.Токтоналиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездиндеги электр калканынан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жерине жалпы үч күжүрмөн эсеп жана Штаб тартылып, тилсиз жоо эртең мененки саат 08:09да толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 2-кабаттан 12-кабатка чейинки подъездеги электр калкандары күйүп кеткен. Куткаруучулар өрт болгон аймактан болжол менен 60 адамды эвакуациялашкан.

Тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана чыгымдары такталууда.

767