Ошто дайынсыз жоголгон 15 жашар баланы издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 8-декабрь күнү Ош облусунун Ноокат районунун Гулистан айылынын 2008-жылкы Р.Э. аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу жана акыркы жолу Жаңы-Ноокат айылынын Сапарбай каналынын жээгинде көрүшкөндүгү тууралуу маалымат туугандарынан түшкөн.
Издөө иштерин жүргүзүүгө 4 куткаруучу тартылды. Кошумча маалымат берилет.