Адам баласы өмүрүнүн болжол менен 25 жылын уйкуда өткөрүшөт. Бирок түштөрдү алты жылдай гана көрөт. Негизи, балдар үчүн 10-11 саат, өспүрүмдөр үчүн 9-10 саат, чоңдор үчүн 7-8 саат, карылар үчүн 6-7 саатка жакын уйку норма болуп эсептелет. Ал эми тарыхка кайрыла турган болсок, кээ бир инсандар күнүнө 3-4 саат гана уктай алышкан. Эдисон, Да Винчи, Франклин, Тесла, Черчилль сыяктуу ийгилик жараткан инсандар баары нормадан алда канча аз уктаса да, өздөрүн абдан дени сак сезишкен. Окумуштуулар мындай уйкунун бузулушу улуу таланттын же генийдин экинчи жагы деп эсептешет.
Адам бир нече күн гана уктабай жүрө алат. Уйкунун жетишсиздиги тамак-аштын жетишсиздигине караганда тезирээк өлтүрөт. Нормадан аз убакыт уктоо (суткасына 6 сааттан аз) угуунун жана көрүүнүн начарлашына, тынчсызданууга, апатияга жана жалпы алсыздыкка, зат алмашуунун бузулушуна, тез салмак кошууга алып келе тургандыгын дарыгерлер айтып келет.
Илимий далилдер жаш курак менен уйкунун структурасы өзгөрөрүн белгилешкен. Адамдын уйкусу эки фазадан турат: тез жана жай. Чоң кишилерде алар болжол менен 1,5 саат сайын бири-бири менен алмашышат, бирок, адам көбүнчө бир циклден экинчисине өткөндүгүн байкабайт. Ал эми жаш балдардын цикли чоңдордукуна салыштырмалуу 40 мүнөткө кыскарат.
Негизи, адамдар ойгонгондон кийин жарым сааттын ичинде түштөрүнүн 90% унутушат.
«Тунук түш көрүү» деп аталган ыкмалар бар, анда сиз түшүңүздү эстеп эле койбостон, аларды башкара аласыз. Жаныбарлардын түш көрүүсү тууралуу кызыктуу фактылар бар: уктап жатканда кээ бир сүт эмүүчүлөрдүн мээсинин иштеши адамдыкына окшош болот. Бирок, адамдардан айырмаланып, жаныбарлардын түштөрү алар менен болгон окуялар жана иш-аракеттер менен гана толтурулат.
Эң кызыгы, түш көрүп жатып көптөгөн илимий ачылыштар жасалган. Мунун себеби, уйку учурунда мээбиз ага камтылган маалыматты такыр башкача чечмелейт. Дал ошондо күн ичинде алынган бардык маалыматтарды иштеп чыгуу, сорттоо жана талдоо жүргүзүлөт. Кээде натыйжасы чыныгы ачылыш болуп саналат. Мисалы, Дмитрий Менделеев белгилүү мезгилдик таблица жөнүндө түш көрүп, химия илимине чоң ачылыш жасаган. Ричард Вагнер «Тристан жана Изольда» чыгармасын ойлоп тапкан жок, аны түшүндө көрүп, андан соң жазганын айткан.
Уйку жана түш – көркөм жана адабий чыгармачылыктын типтүү объектиси. Көптөгөн өлкөлөрдүн жазуучулары, акындары жана сүрөтчүлөрү кылымдар бою бул процесстен шыктанышкан. Бирок, түштөрдүн баардыгы эле жагымдуу же болбосо бизге шык бере турган боло бербейт. Кээ бир учурларда коркунучтуу түштөрдү дагы көрө турганыбыз шексиз. Мындай түштөрдү көргөндөгү коркуу сезими негизги эмоция деп айтылбайт. Анын ордуна, изилдөөчүлөр бул көбүнчө кайгы, өзүн күнөөлүү сезүү жана башаламандык сезими экенин аныкташкан.
Жыйынтыгында, биздин таттуу уйкубузду бузган – ойготкуч саат (будильник) тууралуу айта кетпесек болбойт. Биринчи механикалык ойготкучту 1787-жылы Америкада Леви Хатчинс ойлоп тапкан. Ал бир эле убакта – таңкы саат 4тө ойготконду билчү. Каалаган убакытка коюуга мүмкүн болгон ойготкуч француз Антуан Радьердин аркасында 60 жылдан кийин гана пайда болгон. Бирок, анда бул абдан кымбат аппарат болгон, ошондуктан карапайым адамдар көбүнчө көчөдө жүргөн жана алдын ала белгиленген убакта терезени каккылаган атайын адамдардын кызматынан пайдаланышкан.