Сокулукта аял кишини тоноп кетишкен шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-майда милицияга 1985-жылы туулган аял киши кайрылган. Анда, 25-майда саат 23:00 чамасында Сокулуктагы кафелердин биринде ага күч колдонуп, телефонун, 300 доллары менен тартып алган жарандарга чара көрүүнү суранган.
Кылмышка шектелип, 2000 жана 2001-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынды.
Учурда тергөө иштери уланууда.