7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондорун кантип тосуп алышты? (ФОТОРЕПОРТАЖ)

859

Спортчуларыбыздын Белграддагы жеңиши менен кыргыз күрөшүнүн тарыхында жаңы барак ачылды. Бул тууралуу Белград шаарында (Сербия Республикасы) өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрүн салтанаттуу тосуп алуу аземинде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

«Мен жалпы мекендештерди балбандарыбыздын жеңиши менен куттуктайм. Дүйнөнүн 7 миллиард элинин арасында кыргыздар – эң күчтүү, өлкөбүз чемпиондорубуз менен сыймыктанат. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын спортчуларына жана машыктыруучулар курамына президенттин саламын жолдойм. Бул эгемендүү өлкөбүз үчүн чоң жеңиш жана жетишкендик», — деди Эдил Байсалов.

Спортчулардын салтанаттуу жыйыны «Манас» эл аралык аэропортунун расмий делегацияларын кабыл алуу залында өттү.

Спортчулар өткөн беттештерден алган таасирлери менен бөлүшүп, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

«Биз мыкты даярдыкта экенибизди, биз дүйнөнүн эң күчтүү командаларынын бири экенибизди далилдедик. Албетте, жеңишке мамлекеттин, КРнын президентинин жана элибиздин колдоосу менен ээ болдук», — дешти алар.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Бишкек шаарына 17-сентябрда, ал эми эркин күрөш боюнча курама командасы ушул жылдын 20-сентябрында келет.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

860