Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокуратурасы тарабынан Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасынын 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктары тууралуу текшерүү жүргүзүлдү.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, алсак, үстүбүздөгү жылдын апрель айында «Кыргызтеплоэнерго» МИнин «Нарын МПТ» филиалына 2 даана КВм-2,5 МВт от казандарын сатып алуу конкурсу өткөрүлгөн. Бул конкурстун жеңүүчүсү болуп «О.ц.З.К.» ЖЧКсы табылган.
««Кыргызтеплоэнерго» МИ менен аталган ЖЧКнын ортосунда жалпы суммасы 9 млн 499 миң 840 сомдук жабдууларды алып келүү келишими түзүлгөндөн кийин жогоруда аталган коомго 50% өлчөмүндөгү жалпы суммасы 4 млн 749 миң 920 сомду түзгөн алдын ала төлөм төлөнүп берилген. Келишимдин шарттарына ылайык, «О.ц.З.К.» ЖЧКсы ушул жылдын 31-июлуна чейин от казандарды алып келүүгө милдеттүү болгон. Бирок, аталган ЖЧКнын кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып, көрсөтүлгөн мамлекеттик акча каражатын алып, жогорудагы от казандарды сатып алуу үчүн максаттуу пайдаланбастан, бул каражаттарды өзүнө ыйгарып алышкан. Натыйжада «О.ц.З.К.» ЖЧКсы ушул күнгө чейин жогоруда аталган от казандарды сатып алуучунун – «Кыргызтеплоэнерго» Мамлекеттик ишканасынын кампаларына жеткирбегендиктен, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген»,-деп берилет маалыматта.
Бул факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.