7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көзүнө ок жеген Интернационал айылынын тургуну операция жасатуу үчүн Түркияга кетти

1658

Баткендеги кыргыз-тажик чек-арасындагы куралдуу кагылышууда көзүнө ок тийген жаран, бүгүн козүнө операция жасатуу үчүн Түркияга учуп кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык 38 жаштагы жабырлануучу К.Ч. Лейлек районунун Интернационал айылынын тургуну. Тажиктер айылын басып кирген учурда оң көзүнө ок жеп, эки буту сынып, 30-апрелден тартып Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жаткан.

14-майда көзүнө операция жасалган. Бирок, абалы калыбына келбегендиктен Түркиялык дарыгердин текшерүүсүнөн кийин ага Түркиядагы клиникалардын шартында кайрадан операция жасоо сунушталган.

Аталган маселе саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин көзөмөлүндө турат. Дарыланууга кеткен бардык чыгым Кыргызстан Кызыл Жарымай коому тарабынан каржыланат”, — дейт саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова.

Эскерте кетсек, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун биринчи күнүнөн тартып жабырлануучуларга зарыл медициналык жардам көрсөтүүнү уюштурган. 29-апрелден баштап оор жабырлануучулар Бишкектеги ооруканаларга алынып келине баштаган. Денедеги ок жана сыныктарды алып чыгуу боюнча шашылыш жана пландуу операциялар жүргүзүлдү.

Бүгункү күнгө карата Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда – 25, Улуттук госпиталда – 12, Улуттук хирургия борборунда – 9, Лейлек районундагы ооруканада – 4, Кадамжайдагы ооруканада – 1 бейтап дарыланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1659