7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күзөт жана коштоо департаментине атайын техникалар тапшырылды

299

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Күзөт жана коштоо департаментине жабдуулар жана атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана ЖАМК төрагасы Чыңгыз Кожошев катышты. Техникаларды Камчыбек Ташиев Эгемендүүлүк күнүнүн 34 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында президент Садыр Жапаровдун атынан тапшырды.

Берилген заманбап техникалардын баасы 81 млн сомду түзөт. Анын ичинде, 14 даана атайын техникалар; 191 видеобайкоо камералары; 9 квадрокоптерлер (дрондор); 450 боди камералар (видеорегистратор).

Ташиев ЖАМК кызматкерлери үчүн материалдык-техникалык базаны чыңдоо боюнча тиешелүү шарттар мындан ары да түзүлөөрүн, анын ичинде аталган кызматтын баардык кызматкерлерин турак-жай менен камсыз кылуу зарылчылыгын белгиледи. Ал соттолгондорду социалдаштыруу боюнча активдүү иштерди улантууну тапшырып, ошондой эле кызматкерлердин арасында коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө керектигин эскертти.

Жаңы жабдуулар жана атайын техникалар Күзөт жана коштоо департаментинин ишин жакшыртып, кызматкерлердин коопсуздугун камсыздап, мекемелерде тартипти жана көзөмөлдү күчөтөт.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

300