7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Соттолгон Даниэл Ажиевдин жубайына батир жана унаа берилди

445

Бүгүн, 19-августта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ажиева Наргизаны кабыл алды.

Ал үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу Президенттин дарегине жолдонгон видео кайрылуусунда, мурда мамлекет тарабынан конфискацияланган турак-жайлардын бирин жашоосу үчүн өткөрүп берүү маселесин карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылган.

Турмуштук оор кырдаалын, ошондой эле Ажиеванын оор дартка чалдыккан баласы бар экенин эске алып, ага мурда конфискацияланган батир жана жаңы автоунаа тапшырылды.

Белгилей кетсек, өлкө мыйзамдарына каршы келген «веб-кам» аталышындагы студияларын иштетүүдөн түшкөн мыйзамсыз каражаттарды легалдаштыруу максатында уюкан кылмыштуу топ түзгөндүгү үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясынын токтому менен Ажиев Даниэлдин мүлктөрүнө камак салынып, андан ары конфискацияланып мамлекеттин балансына кирешеленген. Конфискацияланган мүлктөрдүн жалпы наркы 262 миллион сомду түзгөн.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

446