Социалдык тармактарда көз жоосун алган Ак-Талаадагы Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин 70 мугалими коёндой окшош кийинишип, окуу жылын жаңы дем менен баштаган сүрөттөрү жарыяланды.
Аталган мектептин директору Венера Мырзалымбекованын айтымында, 2021-2022-окуу жылына карата 70 мугалим окшош түстөгү бирдиктүү форма тиктирип кийишти.
Тактап айтканда, ар бир мугалим 2 миң сомдон каражат чогултуп, Бишкектеги тигүү цехтеринин бирине буйрутма аркылуу тиктиришкен. Жалпысынан 140 миң сом сарпталган.