7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө “Мыкты боз үй” сынагы өтөт. Шарттары менен таанышып алыңыз

434

Өлкөдө VI Дүйнө элдеринин эпосторунун Эл аралык фестивалынын алкагында “Мыкты боз үй” сынагы өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кароо-сынак 22-сентябрдан тартып 25-сентябрына чейин Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филормониянын алдында өткөрүлөт.
Сынактын негизги максаты- боз үй жасаган чеберлердин жаш муун үчүн салттуу өнөрчүлүк мектебин калыптандыруу, өнүктүрүү жана сактоо. Кол өнөрчүлүгүнүн казынасын байытуу, элдин күнүмдүк турмушунда унутта калып бара жаткан өнөрчүлүк технологиясын кайра жандандыруу.

Сынакка катышуунун шарттары:
— Калктын бардык катмарынын өкүлдөрү катыша алат жана чеберлердин жаш курагы, улуту чектелбейт;
— Буга чейин эпос фестивалына катышкан боз үйлор катыша албайт;
— Сынактын женичүүчлөрү калыстар тобу тарабынан аныкталат;
— Катышууну каалагандар уюштуруу тобуна билдирмени 20-сентябрга чейин , Бишкек шаары, Пушкин көчөсү №78 (3-кабинет) дарегине тапшыруу зарыл;
— Сынакка кабыл алынган боз үйлөр22-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филорминиянын алдына орнотулат.
— Жеңичүүлөр Маданият министрлигинин диплом, грамоталары менен жана акчалай түрүндө сыйланат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

435