7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

К.Заинидин: Мандатты трагедия кылуунун зарылчылыгы барбы?

451

Кубаныч Заинидин фейсбук баракчасына депутат Шайлообек Атазов тууралуу пикирин билдирди.

«Соцтармак Шайлообек Атазов агынан жарылды, көгүнөн жарылды деп эле жатып калды. Күндүн темасы болуп күүлдөп атат. Адеп көргөндөр «абдан патриот жигит экен»-деп таңдайларын такылдатып атышат. Бирокчу, бирок… Эмнеге биздин патриот болуп көрүнгүсү келген балдар эл башына күн түшүп, же мамлекеттик маанилүү маселелер чечилип жатканда ушинтип жалындуу сүйлөп, көздөрү күйүп, жүрөктөрү алоолонуп турушпайт, ыя? Качан гана өз баштарынан күн нурун ары бурганда, же мандатынан ажырап жатканда аптыгып-демиге акыйкаттын жападан жалгыз жоокери болуп чыга келишет.

Ооба, 30 жылдай өмүрүн спортко арнап, өнүктүрүптүр. Ал үчүн так ушул өзү сындап олтурган эле бийликтен сыйлык алып, анысын өзү жарыялап жатпады беле. Ал эми мандатынан ажырап жатканы Матраимовго тиешелүү эместигин, уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери менен алакада болгондугу үчүн экендигин айтып чыгышууда. Албетте, эч кимдин башына кыйынчылык келбесин, бирок, мандаттан ажыроону трагедия кылыштын канчалык зарылчылыгы бар? Журт сүйөөр жигит мандатсыз эле мамлекетке салым кошсо болот да. Же мандат үчүн ушунча жаналакетке түшкүдөй анын бир мандеми барбы? Кыскасы, жеке керт баш үчүн жалындуу сүйлөп, патриоттонбой, жалпы мамлекеттик кызыкчылык үчүн карууну казык, каныңды азык кылгылачы, урматтуу депукелер»,- деди ал.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Шайлообек Атазов сөз сүйлөп, мыйзамдардын баарын колдоп келгенин айткан.

452