7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күзгү гардероб. Жарашыктуу кийинүү көркүңүзгө көрк кошот

788

Жаркырап кийинүүнү баардык эле айымдар каалашат эмеспи. Айымдар гана эмес мырзалар үчүн дагы туура кийинүү стили абдан маанилүү. Алсак, жолугушууда алгач сыртыңызга карап тосуп алат дагы, андан соң сүйлөө маданиятыңызга карап узатат. 2023-2024 мода кийимдерин изилдеп, заманбап айымдар эксперимент жана сюрприз кылууга даяр. Жайдын аякташы жана салкын аба ырайынын келиши менен жеңил кийимдериңизди жылуураак, бирок эффективдүү кийимдерге алмаштыруу зарылчылыгы келип чыгат.

Деги эле, күзгү гардеробго эмнелерди киргизүү керек? Жарашыктуу гана болбостон, балким трент да болуп калуу үчүн кандай стилде кийинүү керек. Бул жаатында сөзсүз билип алганыңыз маанилүү.

2023-жылдын модалуу күзгү кийимдери Виктория багытында болот, ошондой эле 80-жылдардын модасы кайра кайтып келгендей… Күзгү кийимдердеги кызыктуу тандем Кейп, булгаары куртка менен түзүлүшү мүмкүн. Кутюрье неон, кобальт жана ультрафиолет түстөрүндө күзгү кийимдер тартууланды.

Сырткы кийим

Ушул кезде жел өткөрбөгөн кездемеден тигилген плащсыз же болбосо тренчсиз болбойт. Эгер ушуга окшогон кийим үлгүлөрү стилиңизге туура келбесе, анда жүндөн токулган панчо, плед-пальто, кейп, тери жилеттер жана ар дайым модадан калбаган булгары курткалар жакшы жарашат. Ошону менен бирге ушул мезгилде узун трикотаж же калың жүндөн токулган куру бар кардигандар да болот. Плащты кошо алганда баардык ушул модельдер анын ичинен ар бир кийимди: джинсы менен футболканы, кеңсе көйнөгүн же болбосо тизеге чейин узун юбкалар менен айкалыштырып кийсе ыңгайлуу болот.

Бут кийим

Кийимдин классикалык стилинде кийинген саркеч айымдарга анча бийик эмес платформадагы же кенен, такалуу туфлилер жарашат. Кургак, жаан-чачын жок учурда бийик эмес «рюмка» түрүндөгү же узун такалуу ботильондорду кийүүгө болот. Бул модельдер панчо, плащ, кыска куртка менен жакшы көрүнөт. Албетте, кроссовканы да унутпоо керек.

Мода дүйнөсүнүн чеги жок боло баштады. Кроссовкилер спорттук бут кийим аталышын жоготту. Бүгүнкү күндө алар сейилдөөгө, кечки оюн-зоокторго, керек болсо дресс-коду өтө катаал эмес кеңсеге кийүүгө жарап калды. Сүйүктүү кайыкча бут кийимди шкафка салып, кийинки жазга чейин катып коюу кажет. Алардын таманы өтө жука жана жаан-чачында кийүүгө жарабайт.

Ошондой эле, күздө өзүңүзгө эмне кийем деген кезде шарфты эске алыңыз. Нымдуу аба ырайында жылуулук берсе, күн чыкканда сумкага батып кетет. Мелейге да келели. Жука мелейлер колуңузду желден жакшы коргоп, ал эми трикотаж митенкалар алгачкы суук түшкөн кезде сууктан коргойт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

789