7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

К2 чокусун багындырган альпинист Эдуард Кубатов өлкөгө кайтып келди

314

Бүгүн, 20-августта Кыргызстандын альпинизм федерациясынын президенти, альпинист Эдуард Кубатов “Манас” эл аралык аэропортуна учуп келди. Ал 11-августта К2 чокусуна кычкылтек колдонбостон ийгиликтүү чыккан.

Пакистан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан Каракорум тоо кыркасындагы К2 чокусу дүйнөдөгү эң бийик чоку. Анын  бийиктиги 8614 метр.

«Кар көп жаап, кар көчкү түшүп, тоодон таш кулап, быйылкы сезон өзгөчө оор болду. Адатта август айында К2ге эч ким чыкчу эмес. Бирок 11-августта аба ырайы эки күнгө гана ачылып, чокуга чыгууга шарт түзүлдү», — деди альпинист.

Белгилей кетсек, Эдуард Кубатов Эверест чокусун 2021-жылы багындырган. Ал дүйнөдөгү эң бийик чокуну багынткан экинчи кыргызстандык болуп калды. Биринчи жолу 1997-жылы Дмитрий Греков чыккан.

315