7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Кабар” агенттигине эки жаңы кызматтык унаа берилди

261

 

Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги Президент Садыр Жапаровдун жеке колдоосу менен 2025-жылы чыгарылган Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү эки жаңы кызматтык унаалуу болду.

Кызматтык унааларды агенттиктин жамаатына президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тапшырды.

Кыргыз улуттук “Кабар” агенттиги мамлекеттик саясатты коомчулукка жеткирүүдө маанилүү ролду ойнойт, — деген пикирин билдирди Президенттин басма сөз катчысы.

“Расмий маалыматтар, коңшу мамлекеттер менен болгон дипломатиялык алакалар же башка өлкөлөрдө болуп жаткан окуялар боюнча маалымат алууда биринчи кезекте расмий булактарга, анын ичинде мамлекеттик маалымат агенттиктерине таянышат. Бул жагынан алганда, «Кабар» агенттиги мамлекеттин позициясын коомчулукка так жеткирүүдө негизги милдетти аткарып келет”, – деди Алагөзов.

Өз кезегинде “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев кызматтык унаалар үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул колдоо агенттиктин сапаттуу иш алып барышына, маалыматты коомчулукка ыкчам жана туура жеткирүүгө шарт түзөрүн белгиледи.

262