7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кабыл Макешов: Олимп оюндарында жеңиш үчүн жалаң эле кара күч жетишсиз

448

Белгилүү журналист, Кыргызстан маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кабыл Макешов: Париж Олимпиадасында кыргыз балбандары 5 болбосо дагы, 3-4 алтын медаль утуп алууга толук жөндөмдүү. Олимп оюндарында спортчу кичинекей эле бир ката кетирсе, медалдан кол жууп калат, ошондуктан психологиялык даярдык дагы өтө жогору мааниге ээ. Ал үчүн духту көтөргөн көркөм чыгармаларды окуп, мисалга, «Манас» эпосун терең өздөштүрүп, же Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуп, адам руханий жактан бай болгону жакшы. Жеңишке жалаң гана кара күч менен жетүү кыйын.

Кыргызстандан эгемен мамлекет катары алгачкы жолу 1996-жылдагы Атланта Олимпиадасына катышып, ал оюндарга бизден 33 спортчу барган. Денис Петрашовдун атасы, азыр машыктыруучу болуп иштеген Евгений Петрашов удаасы менен 3 Олимпиадага катышкан. Ал эми 2000-жылы Сидней Олимпиадасына Кыргызстандан 49 спортчу барган, бирок мына, 28 жыл ичинде бир да алтын медаль колубузга тийе элек, ошондуктан азыр биздин эркек жана келин балбандарыбызга үмүт артып жаткан кезибиз…

449