7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев эрежесиз уруш боюнча жеңишке жеткен кызматкерди сыйлады

375

Бүгүн, 1-августта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев  17-июлдан 20-июлга чейин Казакстан Республикасынын Алматы шаарында болуп өткөн «OCTAGON 60» эрежесиз уруш боюнча турнирге катышкан КР УКМКнын «А» атайын багыттагы кызматынын кызматкери Б.у.И. менен жолугушуу өткөрдү.

Башкы титулдук урушта  (ар бири 5 мүнөттөн 5 раунддук беттеш) «А» атайын багыттагы кызматынын кызматкери Б.у.И. 1-раундда ирандык атаандашы Акбар Бекхяпурду нокаут менен жеңип, оор салмактагы чемпиондук курун коргогон.

УКМК төрагасы Ташиев мушкерди титулун коргошу менен куттуктап, бекем ден-соолук жана спорттук карьерасында ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, төрага  кызматкерди акчалай сыйлык менен сыйлады.

 

376