Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда системалуу түрдө опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталды.
Улуттук борбордун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы К.Б. оорулуу балдардын ата-энелеринен аларга көрсөткөн кызматтары үчүн системалуу түрдө акча чогултуп жүргөн. Алынган каражаттардын көлөмү 2 миң сомдон 30 миң сомго чейин болгон.
Аталган К.Б. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.