Кадамжайда 5 жаштагы баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-март күнү Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында айдоочу ак түстөгү авто унаасы менен 2017-жылкы Кадамжайдын тургунун койдуруп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Өспүрүм денесинен жаракат алып, Кадамжайдагы оорукананын сыныктар бөлүмүнө жаткырылган.
Качып кеткен 70 жаштагы айдоочу өзүнүн «Дэу-Нексия» үлгүсүндөгү унаасын Кызыл-Булак айылындагы үйлөрдүн бирине жашырып койгон.
Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, унаасы убактылуу айып короого токтотулган.
Учурда бул факты иликтенүүдө.