Бүгүн Жогорку Кеңеште “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Депутат Балбак Түлөбаев курултайга мыйзам чыгаруу демилгесин берүүгө каршы чыкты.
«Курултай мыйзам чыгаруу демилгесине ээ болот деп айтылат. Анда биздин эмне керегибиз бар, мен буга каршымын. Себеби, Жогорку Кеңеш бар. Анда бизди жоюп эле салгыла» — деди ал.
Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев «Курултай мыйзам чыгарууга укугу жок, бирок мыйзам демилгелегенге укуктуу» — деди.