19-июнда Кадамждай районунда күйөөсү аялын бычактап,өзү асынып алган.Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-июнь түнү болжол менен 04:00 чамаларында Кадамжай шаарындагы Металург көчөсүндө жайгашкан үйдө 1987-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран өзүнүн жолдошу менен өз ара пикир келишпей урушуп кетишкен.Анда жолдошу 1987-жылы туулган Б.Б. ашкана бычагы менен жубайы Н.Б.нын денесине бир нече жолу сайып, мыкаачылык менен өлтүргөн.
Натыйжада кылмышка шектүү жолдошу Б.Б. Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагынын айылдарынын бириндеги бүтө элек үйүнө барып, үйдүн экинчи кабатында өзүн-өзү асып каза болгон жеринен табылган. Бул фактылар Кадамжай РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 7-пункту (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.