7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Агасы инисин өлтүрүүгө шектелип кармалды

450

Кемин районунда агасы инисин өлтүрүүгө шектелип кармалды.Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-июнда Кемин райондук милициясына жергиликтүү тургун кайрылып, анын кошунасы бир нече күндөн бери үйүнөн көрүнбөй калгандыгын билдирген. Көрсөтүлгөн дарекке милиция кызматкерлери барып, үйдөн 1992-жылы туулган Б.С. аттуу жарандын сөөгүн табышкан. Кароо учурунда анын дене жаракаттары аныкталып, киши колдуу болгондугу такталган.

Аталган факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин киши өлтүрүү беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

«Жогорудагы кылмышка шектелип, маркумдун аталаш агасы 1979-жылы туулган Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайыга камакка алынган»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

451