7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
29°C

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча Төрөбаев жыйын өткөрдү

114

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев экономика тармактарын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү.

Кеңешменини жүрүшүндө өлкөнүн суу-энергетикалык балансынын абалы, электр энергиясын импорттоо, жергиликтүү көмүр казуу көлөмү жана отун запастарын даярдоо, энергетикалык обьектилердеги ремонт иштерине тийиштүү маселелер каралды.

Бакыт Төрөбаев тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилеринин күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана андан өтүүдөгү жеке жоопкерчилигин белгиледи.

«Жылытуу мезгилине карата өткөн жылдагыдай калкты көмүр менен камсыздоодо жаралган кыйынчылыктар кайталанбашы керек. Биринчи кезекте бардык социалдык мекемелер, өлкөнүн алыскы райондору көмүр менен тийиштүү көлөмдө камсыз болушу керек. Отун базалары белгиленген мөөнөттөргө карата калкты көмүр менен тийиштүү көлөмдө жана жеткиликтүү баада камсыздап башташы керек. Тартыштыкка жана баалардын негизсиз жогорулатылышына жол берилбеши тийиш. Мындан тышкары, бардык энергетикалык объектилер жылытуу мезгилине карата максималдуу жүктөмгө даяр турушу зарыл», — деди ал

Штабдын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди. Энергетика министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды: Токтогул суу сактагычындагы сууну сарамжалдуу пайдаланууну жана анын тийиштүү көлөмдө топтолушун камсыз кылуу; «Электр станциялары» ААК жана «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен бирдикте Бишкек шаардык ЖЭБге сапаттуу көмүр жеткирүү планын камсыздоо боюнча иштиктүү чараларды кабыл алуусу; энергетикалык объектилерде ремонт иштерин өз мөөнөтүндө жүргүзүү.

Жергиликтүү бийлик органдарына калкты өз убагында көмүр менен камсыз кылуу, керектүү көлөмдө отун базаларын жана көмүр сатуучу жайларды, анын ичинде көчмө пункттарды ачуу тапшырмасы берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

115