20-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети кумарканаларды кайра ачуу мыйзам долбоорун жабык карады. Анда экинчи жана үчүнчү окууда көпчүлүк добуш менен кабыл алынган. Парламент өткөн айда бул долбоорду биринчи окууда колдогон болчу.
Өлкө башчы Садыр Жапаров казинолор тууралуу мыйзамды колдоп, кумарканаларды Ысык-Көл облусунда гана эмес, Кыргызстандын бардык аймагында ачууну сунуштаган.
Эскерте кетсек, казинолорго чет элдиктер гана кирип, кыргыз жарандарынын ойношуна тыюу салынат. Ал эми өкмөт казино, онлайн-казино, автоматтык оюндар, букмекердик контора сыяктуу кумар оюндарынын түрлөрүнө уруксат берүү менен бюджетти жылына 2 миллиард сом менен толуктоо ниетинде турушат.