7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадамжайда милициянын капитаны пара менен кармалды (ФОТО)

691

Кадамжай районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкери милициянын капитаны пара алуу боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Баткен районунун ички иштер бөлүмүнүн кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө акча талап кылуу фактысы боюнча ички иштер бөлүмүнүн кызматкери кармалды.

Кадамжай районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкери милициянын капитаны Б.У.М. жол кырсыгынын фактысы боюнча материалдарды токтотуу үчүн 40 миң сом өлчөмүндө опузалап акча каражатын талап кылган.

«Ушул жылдын 12-октябрында КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын, ИИМдин Баткен облусу боюнча ички иликтөө кызматынын кызматкерлери жана облустук прокуратуранын кызматкерлери тарабынан, милиция кызматкери мурда алган акча каражатын кайра кайтарып берүү учурунда кармалды. 

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 342-берененин 2-бөлүмүнүн 1-пункту «Пара алуу» боюнча кылмыш иши козголуп жана бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп берилет маалыматта.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

692