7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадамжайда 14 жаштагы кыздын өлүмү. Төртүнчү шектүү кармалды

1016

Кадамжайда жашы жете элек кызды өлтүрүүгө шектелген төртүнчү шектүү кармалды. Бул тууралуу 7-каналга Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 8-сентябрында жашы жете элек кыздын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишинин алкагында суракка Кадамжай районунун жашы жете элек жашоочусу чакырылган.

Ал мыйзамдуу өкүлүнүн жана социалдык педагогдун катышуусунда суракка алынган. Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен суракка алынган жашы жете элек бала өзгөчө оор кылмыш ишин жасоого шектелип кармалды.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайда. 9-сентябрь күнү Кадамжай райондук сотунун чечими менен кармалган өспүрүмгө карата эки айга камакка алуу бөгөт чарасы тандалды.

Эскерте кетсек, 4-сентябрь күнү колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болуп өлтүрүлгөн белгисиз аял кишинин жансыз денеси табылган. Анын өздүгүн тактоо учурунда ал, Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургуну 2008-жылы туулган кыз К.А. экендиги аныкталган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1017