Ош шаарында Комуз күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, маданият ишмерлери, шаардык маданият башкармалыгынын, Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын, “Келечек” балдар чыгармачылык үйүнүн музыкалык жамааттары, шаар тургундары жана жаштар катышты.
Иш-чаранын алкагында Атай Огонбаевдин “Маш ботой” күүсүн эмгек сиңирген комузчулар, ошондой эле ОшМУ, ОшМПУнун искусство факультеттеринин студенттери, шаардын балдар музыкалык мектептеринин окуучулары аткарышты. Күүнү жалпы 150 комузчу чертти.
Вице-мэр В.Рыскулова жалпы чогулгандарды Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан Комуз күнү менен куттуктап, окуунун мыктыларына жана эмгек сиңирген мугалимдерге комуз тартуулады.