КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ханыша Елизавета IIнин элесине арналган көңүл айтуу китебине жазуу калтырды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жээнбек Кулубаев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинде болуп, көңүл айтуу китебине жазуу калтыруу менен ханыша Елизавета IIнин элесин эскерди.
«Улуу Даражалуу Ханыша Елизавета IIнин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу чын жүрөктөн көңүл айтам. Ата-Мекенге, элге жана анын таламдарына жан аябастык менен кызмат кылуу, Улуу Британиянын жыргалчылыгы үчүн жан аябас күрөшүү – планеталык масштабдагы бул көрүнүктүү инсандын көптөгөн айырмалоочу белгилеринин бири болгон. Ханыша Елизавета II Улуу Британиянын мамлекеттик кызыкчылыктарына берилгендиктин жана өз элине кам көрүүнүн үлгүсү болуп кала берет», — деп айтылат Жээнбек Кулубаев калтырган эскерүүдө.
Улуу Британиянын Кыргызстандагы Элчиси Чарльз Гаррет Жээнбек Кулубаевге көңүл бургандыгы жана элчиликке көңүл айтуу үчүн келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.